Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » ӨКМдин аскер бөлүгүндөгү «дедовщинадан» кийин кадрдык өзгөрүүлөр болду
Янгиликлар

ӨКМдин аскер бөлүгүндөгү «дедовщинадан» кийин кадрдык өзгөрүүлөр болду

Май 16, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу 86123 аскердик бөлүктөгү жоокерлер кордолгон окуяга байланыштуу өздүк курамга чара көрүлдү. Кабыл алынган чечимди министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Өздүк курам менен тиешелүү иш жүргүзбөгөнү, өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарбаганы жана кадр саясатын талаптагыдай деңгээлде жүргүзбөгөнү үчүн:

  • 86123 аскердик бөлүк — Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы кызмат ордунан бошотулду;
  • аскердик бөлүктүн башчысынын биринчи орун басары — штаб башчысы кызмат ордунан төмөндөтүлдү;
  • КДМБнын үчүнчү куткаруу кошуундун командири жана үчүнчү куткаруу кошуундун командиринин өздүк курамы менен иштөө боюнча орун басары кызмат ордунан төмөндөтүлдү;
  • мөөнөттөгү жоокерлер менен иштеген офицерлерге сөгүш жарыяланды.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилген. Ал тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы 12-майда билдирди.

Мындай тартиптик жазага министр жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы негиз болгон.

11-майда социалдык тармактарда аскерлерди шылдыңдоо фактысы тартылган видео тараган. Аскер прокуратурасы билдиргендей, окуя ӨКМдин 86123 аскердик бөлүгүндө болгон.

Аскер кызматчысына карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча аскердик бөлүктүн офицерине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгүнүн 1-пункту (уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду. 

Тергөө иштерин Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат. Жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет. Шектүүлөр Аскер прокуратурасына жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул окуя 2025-жылдын февраль айында болгонун билдирди.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleТоктогул суу сактагычындагы суунун көлөмү
Next Article Жалал-Абад шаарында Энелер күнү белгиленди

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.