Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Американын президенти Дональд Трампты Абу-Дабиде «чач бийи» менен тосуп алышкан. Андагы кадрларды америка лидеринин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Марго Мартин жарыялады.
The welcome ceremony in UAE continues! 🇺🇸🇦🇪 pic.twitter.com/sXqS1IboMN
— Margo Martin (@MargoMartin47) May 15, 2025
«Халижи» бийи Перс булуңундагы өлкөлөрдө, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарында кеңири таралган. Анын аталышы араб тилинен которгондо «булуң» дегенди билдирет. Бул бийди узун чачын жайган аялдар жолугушууларда жана майрамдарда аткарышат.
Трамп 13-16-май күндөрү Перс булуңундагы өлкөлөрдү кыдырып чыкты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
