Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Моңголияда өтө турган эл аралык турнирге катышат.
«Ulaanbaatar Open» турнири 29-майдан 1-июнга чейин Улан-Батор шаарында өтөт.
Эркин күрөш боюнча мелдештерде 10 комплект медаль ойнотулат.
Команданы башкы машыктыруучу Азат Мирахимов, улук машыктыруучу Эламан Догдурбек уулу жана U-23 курама командасынын улук машыктыруучусу Илгиз Жакыпбеков жетектеп барат. Мелдешке 8 спортчу катышат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
