Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кочкор районунда ооруктун ардагерлери Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган медалдар менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Кочкор районунда Улуу Ата Мекендик согушта оорукта кызмат кылышкан ардагерлер Күрүчбек Асанов менен Кадыке Макеев Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган юблейлик медалдар менен сыйланышты. Сыйлыкты Кочкор районунун акими Баялы Досалиев, Кочкор районунун аскер комиссары Урмат Осмоналиев тапшырып, райондун жетекчилигинин атынан белектер берилди.
Белгилей кетсек Кочкор районунда ооруктун 2 гана ардагери калган.
Күрүчбек Асанов Кочкор районундагы Май-Чыбыр колхозунда (азыркы Кара-Саз) 1927-жылы туулган. 1942-жылга чейин Электр мектебинде окуп, ошол жылдан баштап окууну таштап колхоздун 450 эчкисин багып оорукта кызмат өтөгөн. Күндүз эчкилерди чоң атасына табыштап, колхоздун айдоо аянтын сугарып жардамдашкан. Эчкини саап 10 үй-бүлөнү багып турган. Сүттөн быштак жасап, фронтко жөнөтүп турушкан. 1946-жылы фронттон келген Сыдыкбек Чалов эчкини өткөрүп алгандан кийин Кочкор районунун чек араларын тактоо иштерине жардамчы болуп иштеген. Кийин колхоздо комбайн менен эгин чаап, чарба бириккен кезде электрик болуп айылга свет тарткан. 1970-1990-жылдары колхоздо чабан болуп, ардактуу эс алууга чыккан. «Согуш ардагери», «Кайратуу эмгеги үчүн», «В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгы» юблейлик медалы менен сыйланган. Азыр Ормон-Хан айыл аймагынын Кара-Саз айылында жашайт.
Кадыке Макеев 1933-жылы Кочкор районундагы Жаңы-Жол айылында туулган. Согуш жылдарында айылда эмгектенген. Чарбада араба айдап, эгин оруп, суу сугарган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык инстутутту аяктап, айылдагы мектепте мугалим болуп эмгектенген.
– 1953-1956-жылдары Кочкор райком комсомолунда катчы;
– 1956-1959-жылдары Кочкор райондук кеңешинде катчы;
– 1959-1963-жылдары Алма-Атадагы партиялык жогорку мектепте угуучу;
– 1963-1964-жылдары чарбада партиялык жетекчи ( парторг);
– 1964-1974-жылдары Жданов, Большевик колхоздорунда башкарма, даярдоо конторасынын директору кызматтарын аркалаган;
– 1977-1990-жылдары Кочкор совхозунда партиялык комитеттин төрагасы (партком);
– 1990-1994-жылдары Кочкор райондук кеңешинде бөлүм башчы;
– 1994-жылдан баштап ардактуу эс алууда.
«Ардак белгиси» ордени (1966) жана бир нече медалдар, ардак грамоталар менен сыйланган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
