Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылындагы А.Деркембаев мектебинин математика мугалими «Жылдын мыкты мугалими — 2025» облустук сынагында 1-орунду багындырды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Мээрим Биримкулова үчүн кош кубаныч болуп жатат.
«Мен 16 жылдан бери математика мугалим болуп иштейм. Бул жылы мектеп директорунун сунушу менен сынакка катышып, математика сабагынан 1-орунду алып, облуска өткөм. Облуста да биринчиликти алып, республикага жолдомо алдым. Кубанып жаткан учурда окуучум куттуктап, “сиз окутуп, сиздин жолду жолдоп, так илимдин арты менен белгилүү компанияга ишке кирдим” деп айтты. Өтө кубанып жатам. Чынында мен үчүн кош кубаныч болуп жатат», – дейт М.Биримкулова.
Мугалим бул ийгиликке жетишине эжейи жана ата-энеси түртү болгонун айтат.
«Мен Жети-Өгүз айылында 1985-жылы төрөлүп, ушул айылда билим алдым. Гимназия класс болгондуктан математика боюнча окуйт элек. Кошумча ийрим катары да математикадан окучубуз. Мектепти аяктап программист болсомбу деп калдым. Эжейим Жамиля Бекбаева жана ата-энем мугалим кесиби жакшы экенин айтып, математикадан эң жакшы окугандыктан ушул кесипке багыт беришти. Учурдан пайдаланып эжейиме жана ата-энеме ыраазычылык билдирем», – дейт ал.
Үч кыздын апасы жаш муунга билим берип, агартуу тармагында иштеп жатканына сыймыктанат.
«Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктаган соң Каракол шаарындагы мектептерде иштедим. Буйрук экен Кайырма-Арык айылына келип, бактымды таап балалуу болдум. Азыр менин балдарым көп, ар бир класста сүймөнчүк окуучуларым бар. Менин жолумду жолдоп, 2005-жылкы бүтүрүүчүлөр математека жана информатика боюнча билимин улашты. Алар менен байланыш үзбөй алар менин, мен алардын ийгилигине кубанып сүйлөшүп турабыз», – дейт мыкты мугалим М.Биримкулова.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
