Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush —
17-майга караган түнү Ош шаарындагы А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 15-кабатынан өрт чыкты. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.
Маалым болгондой, окуя түндө болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт түнү эле чектөөгө алынып, толук өчүрүлгөн.
Маалыматка караганда, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түнкү саат 00:26да түшкөн. Окуя болгон жерге Ош шаардык №85 өрткө каршы бөлүмүнөн бир бөлүм жөнөтүлүп, кошумча саат 00:42де №13 авариялык-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн дагы бир бөлүм тартылган. Жалпысынан өрттү өчүрүүгө эки бөлүм катышкан.
Өрт саат 02:15те толук өчүрүлгөн. Окуядан жабыркагандар катталган жок.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
