Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Эт жок учурда сый конокторго тартылып, өзгөчө аталышка ээ болгон кыргыз тамагы
Янгиликлар

Эт жок учурда сый конокторго тартылып, өзгөчө аталышка ээ болгон кыргыз тамагы

Май 17, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Талас облусунун ар бир районунда ар кандай аталышка ээ болгон тамак бар. Бул тамак тууралуу Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын 86 жаштагы тургуну Шайбүбү Аныракаева Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

Талас облусунун ылдый жагында (Манас району) «Куурулган күлчө», Бакай-Ата, Айтматов райондорунун кээ бир айылдарында «Жетим күлчөтай», Талас облусунун өйдө жагында (Талас району) «Жаркоп» деп аталат.

Шайбүбү Аныракаева апанын айтымында, бул тамак эт жок кезде сый конокторго берилип келген.

«Мен Бакай-Ата районунун кызымын, ушул жакка эле турмушка чыккам. Бул тамакты бизде көбүнчө “Жетим күлчөтай” деп аташат. Эт кошпой картошка, пияз кууручубуз. Камырын калың анан ундуу кылып жайчубуз. Шорпосу кайнагандан кийин камыр салып, ал бышканда сүзүп алып, үстүнө сары май салып жечү элек. Шорпосуна сүзмө катыктап койчубуз.

Биздин жаш кезибиз согуштан кийинки жылдарга туш болду. Кайра куруу, калыбына келтирүү маалы эле. Ошондо бул тамакты сыйлуу конокторго жасап беришчү. Казандап эт асып, беш бармак жеген элибиз эти жок камыр болгон үчүн “Жетим күлчөтай” деп атап алышкан.

Азыр эми ушундай жакшы жашоодо эт кошуп, жакшы кылып жасап калышты. Сары май кошуп жеген үйдү дээрлик көрбөйсүң», – деди Шайбүбү апа.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБишкек ЖЭБ боюнча Сапар Исаковго байланыштуу өкүм жокко чыгарылды
Next Article Ош шаарындагы Көкүм-Бий көчөсүнүн 1600 метрлик бөлүгү пайдаланууга берилди

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.