Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 17-майда Кара-Көл шаарында ишемби чоң базары өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, бул ирет базарга Жалал-Абад, Ош облустарынын райондорунан жана Кара-Балта шаарынан келген соодагерлер менен дыйкандар соода-сатык жүргүзүп жатышат.
Эски картошканын 1 килограммы 65-70 сомдон сатылса, жаңы бышканы 65-80 сомго чейин сунушталууда. Пияз, бадыраң жана помидор болсо мурунку базарга салыштырмалуу арзандаган.
Помидор — 120 сом,
Бадыраң — 40-45 сом,
Жаңы пияз — 40 сомдон сатылууда.
Белгилей кетчү жагдай 2-3 күн мурун Кара-Көлдүн жергиликтүү дүкөндөрүндө жана кичи базарларында жаңы бышкан картошка 100-120 сомго чейин сатылып жаткан.
Соодагерлердин айтымында, Кытайдан келген картошкалар буга чейин сатылып, анын өңү таза, жууп койгондой болгондуктан, сатып алган эл бышканда даамы жок болорун билишкен. Тургундар Кытай картошкасын алуудан качып калганын байкаган айрым соодагерлер кытайдын картошкасын топуракка аралаштырып, сатышкан.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
