Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Өзгөн районунда той-аштардагы ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча жыйын болду
Янгиликлар

Өзгөн районунда той-аштардагы ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча жыйын болду

Май 18, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Кечээ, 16-майда Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүндө той-аштардагы ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Дүйшөнбек Батаев билдирди. 

Маалым болгондой, жыйынга айыл тургундары, айыл аксакалдары, имамдар катышты.

«Президенттин жарлыгынын негизинде той-аштардагы, маркумду узатууда ысырапкерчиликке, ыксыз чыгымга жол бербөө боюнча жыйын өткөрдүк.     Жыйында ысырапкерчиликти токтотуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча  тынымсыз иш алып баруу талкууланды», – деди Батаев.

————————————————————

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 15-октябрында «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу боюнча жарлыкка кол койду. Эми Кыргызстанда мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдардан даярдалат жана бийиктиги 0,70 метрден ашпайт.

Президенттин жарлыгында маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн муфтият фатваларды чыгарары белгиленген. Аталган мыйзамдын 22-беренесине ылайык, тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көрүстөндөрдү кошпогондо, мусулман кабырларынын аймагында таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынды.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында жумушчу топ түзүлүп, фатваларды иштеп чыгып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Муфтият мүрзө таштары үчүн маркумдун аты-жөнүн, туулган жана өлгөн жылын көрсөтүү жетиштүү экенин белгиледи.

2022–жылдын 24-февралында президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлыктын максаты — Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous Article18-майга карата аба ырайы
Next Article Токмокто Энелер күнүнө карата майрамдык концерт өттү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.