Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жайыл районунун Сосновка айылынын тургундары Али Адиль Оглы Рустамов (66 жашта) жана Талант Турсуналиев (54 жашта) Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата танктын моделин курап чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, алар бул эмгекти Жайыл элин майрамы менен куттуктоо жана согушта курман болгон айылдаштарын эскерүү максатында ишке ашырышканын белгилешти.
Али Рустамовдун айтымында, бул идея ага «Москвич-2140» автоунаасы колуна тийгенден кийин келген. Бул унаа 1975-1988-жылдары Москвадагы АЗЛК заводунда чыгарылган. «Москвичти» танкка окшош кылып кайра жабдып чыгаруу идеясын ал айылдашы жана досу Талант Турсуналиев менен бөлүшүп, ал да колдоо көрсөткөн. Талант кесиби боюнча автомеханик.
Эки достун жардамы менен эски жеңил унаадан Т-34 үлгүсүндөгү танктын кыймылдуу модели жасалган. Жарым жылга чукул убакытта чоң иштер жасалып, унаанын жүрүүчү бөлүгү кайра оңдолуп, жаңы кыймылдаткыч орнотулган. Бул «танк» адамдарды ташып, узак аралыкка чыдай алышы үчүн зарыл болгон. Үстүнкү бөлүгүнө люк кесилип, танктын мунарасы орнотулган. Алдыңкы капотко күчтүү музыкалык колонкалар коюлуп, алар аркылуу танктын кыймылдаткычынын үнүн же патриоттук ырлар жаңырып турушун каалашкан.
Бул оңдоо иштерине 40 миң сомдон ашык каражат кеткен. Бардык чыгымдарды усталар өз чөнтөгүнөн чыгарышкан. Али Рустамовдун айтымында, бул демилгеге анын жубайы жана жакындары да колдоо көрсөтүшкөн.
9-май — Жеңиш күнүндө Али Рустамов Сосновкадан Кара-Балта шаарына танк менен барып, Ленин атындагы Маданият үйүнүн алдындагы майрамдык иш-чарага катышкан. Бул жерде жүздөгөн адамдар танктын жанынан сүрөткө түшүү үчүн чогулушкан.
«Биз бул ишти совет элинин, анын ичинде кыргызстандык жөнөкөй адамдардын эрдиги унутулбас үчүн жасадык», – деди Али Рустамов.
Андан сырткары, ал Сосновка айылындагы Жеңиш күнүнө арналган майрамга да катышып, Т-34 танкы менен Эстелик мемориалына келгенде, өзгөчө мектеп окуучулары кызыгышкан. Алар балдарга танктын ичине кирүүгө жана сүрөткө түшүүгө уруксат берген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
