Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүндө 16-17-майда жоокерлер аскердик ант беришти, деп билдирет Улуттук гвардиянын басма сөз кызматы.
Ант бергенге чейин жаш жоокерлер бир ай бою жалпы аскердик даярдыктан өтүштү. Бул убакыт аралыгында алар саптык, физикалык жана ок атуу даярдыгынан өтүп, жалпы аскердик уставдардын жоболорун үйрөнүштү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
