Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Россия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин 18-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келет, деп билдирди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.
Володин ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен тар жана кеңейтилген форматта жолугушат. Жолугушууда мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоо жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү жолдору талкууланат деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары 19-майда Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) Парламенттик Ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйыны өтөт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
