Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Жалал-Абадда 5 меморандумга кол коюлду
Янгиликлар

Жалал-Абадда 5 меморандумга кол коюлду

Май 18, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Кыргыз–өзбек медицина кызматкерлери кызматташат. Кечээ, 17-майда 5 меморандумга кол коюлду.

Делегаттардын жолугушуусу «Жалал-Абад» санаториясында уюштурулуп, ага Саламаттыкты сактоо министринин Жалал-Абад облусундагы координатору Өмүрбек Махмаджунус уулу, «Жалал-Абад санаториясынын» башчысы Рамиз Каимов жана Ташкенттеги Республикалык онкологиялык борборунун өкүлү Бахадыр Пирназаров, Ташкен шаардык реаблитациялык борборунун өкүлү Сирожиддин Калмоминов катышты. 

Координатор Ө.Махмаджунус уулу эки өлкөнүн медицина кызматкерлеринин карым-катнашын арттыруу эки өлкө башчыларынын тапшырмаларына ылайык ишке ашып жатканын айтты.

«Акыркы мезгилде медицина тармагы күн сайын өркүндөп жатат. Ошол эле учурда коңшу өлкөдөгү кесиптештер заман талабына ылайык, заманбап жабдуулардын көмөгү менен операцияларды жасап же бейтапты жаңы ыкмада дарылап жатат. Албетте кызматташтыктын артында медицина кызматкерлер бири-бири менен пикир алмашып, тажрыйба бөлүшүшөт», – дейт ал.

Ал эми, Өзбекстандагы Республикалык онкологиялык борборунун медициналык туризм бөлүмүнүн мүдүрү Бахадыр Пирназаров кол коюлган келишимдерде эмнелер көрсөтүлгөнүн түшүндүрүп өттү.

«Буга чейин айтылгандай кызматташтыкта 4 багыт боюнча келишимдерге кол койдук. Бизди кызыктырганы «Жалал-Абад санаториясы» болду. Аталган эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо зонасынын жалпы аянты 30 гектардан ашуун аянтты ээлейт экен. Келишимде мында кошумча имараттарды куруу, иштебей турган эски имараттарды ишке түшүрүү жана биздин өлкөдөн эс алуучуларды чыгаруу жана медицина кызматкерлеринин кызматташтыгын арттыруу боюнча жол картасын түзүү көрсөтүлгөн.

Башканы айтпайын, биздин борбордун планында Жалал-Абаддагы онколог ак халатчандарды Өзбекстанга чакырып, алардын билим деңгээлин эл аралык стандарттарга жооп берген кесипкөй адис катары даярдап, мындагы онкологиялык сервисти жакшыртууну көздөөнү пландоодобуз», – деди Б.Пирназаров.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ташкентте жолугушуп, кызматташтык боюнча 16 документке кол коюшкан.

Коңшу өлкөдөн келген дарыгерлердин сапары эртең Бишкек шаарында, кийин Ош жана Баткен облустарында болмокчу.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКараколдогу катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти (видео)
Next Article Абадан коргонуу күчтөрүндөгү жаш жоокерлер ант беришти

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.