Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Адам уурдоого шектелгендер кармалды, деп билдирди Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Сокулук районунун 30 жаштагы тургуну 26 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну менен жеке мамиледе болгон. 16-майда саат 20:00 чамасында жигити 25 жаштагы досу менен бирге кыздын үйүнө барган. Ал кыз алардын унаасына отуруп, Бишкек — «Манас» аэропорту айланма жолуна карай бет алышкан. Ал жерден алар уруша кетип, кызды жигити токмоктогон. Андан кийин шектүү досу экөө кыздын колун скотч менен байлап, башка жакка алып кетүү үчүн унаанын багажына салып коюшкан. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен шектүүлөрдү кармоого, ал эми кызды куткарууга мүмкүн болду.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси («Адам уурдоо») боюнча катталды.
Шектүүлөр А.М. (1999-жылы туулган) менен Р.И. (2000-жылы туулган) убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
