Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Назгүл Баймурзаева ашпозчулук кесиби тууралуу айтып берди
Янгиликлар

Назгүл Баймурзаева ашпозчулук кесиби тууралуу айтып берди

Май 18, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылынын тургуну Назгүл Баймурзаева ашпозчулук менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Назгүл Баймурзаева 1986-жылы төрөлгөн. Кабак айылынын тургунуна турмушка чыгып, сүйүктүү жубай жана 4 баланын мээримдүү апасы.

«Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы университеттин математика факультетин бүтүргөм. Турмушка чыккандан кийин тамак-аш жасоого болгон кызыгуум артты. Караколдон атайын рецепт журналдарын алып келип, үйдө ар кандай тамактарды жасап көрчүмүн. Үйгө гезит алганда сөзсүз өзүм үчүн тамак-аш тууралуу журнал кошо алдырып турчумун», – дейт Назгүл айым.

Анын ашпозчулуктагы алгачкы кадамдары 2009-2011-жылдары кафе-ашканаларда ашпозчунун жардамчысы болуп иштөө менен башталган. Андан соң 10 жылдан ашуун убакыт үйдө болуп, балдарын тарбиялоого көңүл бурган.

«Балдарым бир аз чоңоюп калганда жолдошумдун колдоосу менен “Ашпозчулук курсун” окуп бүтүрдүм. Анан кайрадан эмгек жолумду улап, үйлөргө барып, (выездной повар) иштей баштадым. Азыр 3 жылдан ашык убакыттан бери ушул иш менен алектенем. Үй тойлорго, кыз узатуу, бешик той, куда тосуу сыяктуу салтанаттарга барып, буюртма менен тамак-аш даярдайм. Ашпозчу универсал болгондуктан ашканага тиешелүү бардык тамак-аштын түрүн билем. Таттуу выпечкаларды дагы жасайм. Тойлордо тамак-ашты жасап коюу гана эмес столдун үстүнүн көркүн ачып, заманбап жасалгалап да беребиз», – деди ашпозчу айым.

Назгүл айым бош убактысында үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бурууга аракет кылат. Мындан сырткары, жолдошу менен биргеликте үй-бүлөлүк ишкерлик менен да алектенет.

«Үй-бүлөлүк ишкерлигибиз бар. Жолдошум менен бирге 3 жылдан бери көл жээгине боз үйлөрдү тигип, конок тосом дегендерге, эс алгандарга ижарага берип келебиз. Мурун бирде акчаң болсо, бирде жок болуп, иш табуу кыйын эле. Азыр кудайга шүгүр аракет кылсаң иш көп. Келечеке койгон чоң максатым бар. Кудайым буюрса аны убагында бөлүшөм», – деп сөзүн жыйынтыктады. 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous Article19-майга карата аба ырайы
Next Article Погончон айым Алина Абакированын эсте калган окуялары

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.