Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кечээ, 18-майда Каракол шаарында катуу шамал катталып, анын кесепетинен электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.
Шаар тургундары шамал учурунда болгон окуяларды видеого тартып, социалдык тармактарга жүктөшкөн. Пржевальск көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан учкан шиферлер үйдүн алдында токтоп турган унааларга зыян келтирген.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, учурда бардык тиешелүү кызматтар шамалдын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Учурда шаарда маал-маалы менен жаан жаап жатат.
Буга чейин Turmush басылмасы катуу шамалдын кесепетинен Ак-Суу, Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунун айрым айылдарында, ошондой эле Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын айрым райондорунда электр энергиясы өчүрүлгөнүн жазган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					