Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 9-августтан тарта «Манас» эл аралык аэропорту өзүнүн 3 тамгадан турган IATA кодун — «FRU» кодун жаңы «BSZ» кодуна расмий түрдө алмаштырат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги маалымдады.
«Бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салуучу 763-резолюциясынын жоболоруна ылайык кабыл алынган. Кодду өзгөртүү тууралуу чечим 2025-жылдын 9-майында IATA тарабынан жөнөтүлгөн расмий билдирүүнү негиз кылып, IATA′нын 763-резолюциясынын 4.3.2-пунктунда белгиленгендей, 90 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин күчүнө кирет.
IATA коду дүйнө жүзү боюнча аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат. Коддун алмашуусу авиация тармагындагы бардык катышуучулардан техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылат.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана “Манас” эл аралык аэропорту эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте жаңы BSZ кодун колдонууга жымсал өтүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат», – деп баяндалат расмий билдирүүдө.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					