Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек шаарында мас киши чыр чыгарганын Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 18-майга караган түнү шаардагы түнкү клубдун кире беришинде болгон. Ал жерде кызматтык милдетин аткарып жүргөн Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлеринин көңүлүн көчөдөгү жарандарга тийишип, ошол жерде заара кылган эркек киши бурган. Милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбеген мас жаран аларга кол көтөрүп, формасын тыткан.
Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам тобу барды. Шектүү 1991-жылы туулган Ж.Н. экени такталды. Ал өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып, өлтүрөм деп коркуткан.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (майда бейбашчылык) менен иш козголуп, шектүү убактылуу камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					