Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Министрлер кабинети жергиликтүү курулуш компаниясы менен «Асма-аркан жолу менен Ала-Арча эс алуу борборун куруу» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактырды.
Документке ылайык, Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Ала-Арча» Кыргыз мамлекеттик жаратылыш сейил багы мамлекеттик ишканасы компанияга жаратылыш паркынын аймагында 49 жылга убактылуу пайдаланууга 5000 чарчы метр жерди берет.
Курулуш компания долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзүүгө 4 млн долларга чейин инвестиция салууга милдеттүү.
Курулуш аяктап, объекттер ишке киргизилгенден кийин Министрлер кабинети мамлекеттик ишкананын атынан жана курулуш компаниясы бул объекттерге 49 жылга менчик жана башкаруу укугуна ээ болот.
Мында бардык чыгымдар төлөнгөндөн кийин калган таза кирешенин 20%ы мамлекеттик ишкананын менчигине түшөт.
Министрлер кабинети «А-фрейм» үлгүсүндөгү үйлөрдү, ресторандары бар мейманканаларды куруу үчүн 0,5 га жер участогун 49 жылга берүүнү сунуштайт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					