Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Президент С.Жапаров ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары менен жолугушту
Янгиликлар

Президент С.Жапаров ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары менен жолугушту

Май 19, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары Кристоф Камп менен жолугушту.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдагандай, анда уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында этностор аралык мамилелердин жана өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылды.

Мамлекет башчы Кристоф Кампты жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, бул жооптуу миссиясында ага ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстандын Министрлер кабинети социалдык нуктагы ички саясатты ырааттуу ишке ашырып, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коопсуздук тармагындагы реформаларды улантууда. Бул контекстте ал Жогорку комиссардын Кеңсесине улуттар аралык мамилелер, билим берүү жана жарандык иденттүүлүк чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, көп улуттуу мамлекет катары Кыргызстанда улуттар аралык ынтымакты чыңдоо чараларына көңүл бурду.

Анын ичинде жакында түзүлгөн Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, президентке караштуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган макамы берилген Кыргызстан элинин ассамблеясы да бар. Өз кезегинде Кристоф Камп Кыргызстандын ийгиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, өлкөдөгү улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты белгилеп өттү.

Жогорку комиссар ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча кол коюлган келишим аймактык туруктуулукка жана мамлекеттер аралык кызматташууга оң белги болгонун баса белгиледи. Ал ошондой эле ЕККУ өлкөдөгү этностор аралык ынтымакты камсыз кылуу жаатында жигердүү кызматташууга даяр экенин ырастады.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЖергиликтүү компанияга «Ала-Арча» жаратылыш сейил багындагы 0,5 га жер конок үйүн жана ресторан куруу үчүн ижарага берилет
Next Article Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.