Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында жана анын бөлүктөрүндө жетекчилер алмашты, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы. Мындай чечим бүгүн, 19-майда ички иштер органдарынын жетекчилеринин кезексиз коллегиялык жыйынында кабыл алынды.
– милициянын подполковниги Айбек Жумагулов ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды;
– милициянын полковниги Манасбек Сыдыгалиев Бишкек ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
– милициянын полковниги Урмат Байтокоев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын финансы-чарбалык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды;
– милициянын полковниги Авазбек Досов Ысык-Көл ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;
– милициянын полковниги Раимбек Тешебаев Чүй ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары болуп дайындалды.
Коллегиялык жыйында ИИМдин тергөө кызматтарынын жетекчилери да ротацияланды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					