Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Агенттик эмне себептен «Манас» аэропорту үчүн «BSZ» коду тандалганын түшүндүрдү
Янгиликлар

Агенттик эмне себептен «Манас» аэропорту үчүн «BSZ» коду тандалганын түшүндүрдү

Май 20, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  «Манас» эл аралык аэропорту 2025-жылдын 9-августунан тарта өзүнүн үч тамгалуу IATA кодун — учурдагы FRU кодун жаңы BSZ кодуна расмий түрдө өзгөртөт. Бул тууралуу 19-майда Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Агенттик жаңы коддун тамгаларынын келип чыгышын түшүндүрдү. Агенттиктен такташкандай, аэропорттор үчүн коддорду Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) өзү берет.

IATA′нын тандоосунун башкы принциби — уникалдуулук, «бир код — бир жер». Код аэропорттун, шаардын же темир жол станциясынын учурдагы кодун кайталабашы керек.

Экинчи принцип — коддун эстеп калууга оңой болуусу. Башкача айтканда, код шаардын же аэропорттун аталышын чагылдырышы керек. Эгерде «жакшы» комбинация ээленип калса, анда эреже боюнча бош варианттардын арасынан мүмкүн болушунча жакшысы тандалат.

Жаңы коддо, B — «Bishkek» Бишкек шаарынын аталышынын биринчи тамгасы; S — «Bishkek′теги» Sh транслитерациясын чагылдырат. Z — коддун уникалдуулугун камсыз кылган нейтралдуу үчүнчү позиция.

Маселенин тарыхы

2024-жылдын июнь айында Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги «Манас» эл аралык аэропортунун IATA кодун өзгөртүү пландары жөнүндө билдирген. FRU үч тамгалуу идентификатору аэропортко борбордун мурдагы аталышы — Фрунзенин урматына берилген.

Ошол учурда ЖАМАнын башчысы Данияр Бостонов процедурага ылайык, агенттик «Манас» аэропортуна учуп келген бардык авиакомпаниялардын кодду өзгөртүүгө макулдугун алганын билдирген. Кыргызстандын атынан Эл аралык аба транспорту ассоциациясына (IATA) арыз жөнөтүлгөн.

Бирок IATA′нын 2025-жылдын 9-майындагы расмий билдирүүсүндө 7 авиакомпания кодду өзгөртүүгө макул, ал эми 4 каршы добуш бергени айтылат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЧүй ОИИБдин жетекчисинин орун басары Муратбек Абдылдаев пенсияга узатылды
Next Article «Дөө Чыңгыздын» өкүл атасы жана Көлбаевдин спорт боюнча куратору кармалды,

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.