Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » «Дөө Чыңгыздын» өкүл атасы жана Көлбаевдин спорт боюнча куратору кармалды,
Янгиликлар

«Дөө Чыңгыздын» өкүл атасы жана Көлбаевдин спорт боюнча куратору кармалды,

Май 20, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган жана акча опузалаган жарандар кармалды, деп билдирди УКМК.

«К.Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого төмөнкү КР жарандарынын катыштыгы бар экендиги аныкталган: Б.Т.К. (буга чейин ИИМдин системасында жетекчилик кызматтарды аркалаган, кылмыш дүйнөсүндө уюшкан кылмыштуу топтун лидери Ч.Жумагуловдун («Дөө Чыңгыз») өкүл атасы катары белгилүү), Т.Ч. (Ч.Жумагулов жана «мыйзамдагы ууру» аталган У.Токтосунов («Сакал») менен тыгыз байланышы бар) жана Т.А.Т. (К.Асанбекке жакын, жаш спортчуларды кылмыштуу чөйрөгө тартуу менен алектенген, К.Асанбектин спорт боюнча куратору болгон, спорт мектептин директору кызматын ээлеген).

К.Асанбек, А.Анапияев жана Ч.Жумагулов Б.Т.К. менен сүйлөшүп, ок атуучу курал «АКСУ» автоматы жана психологиялык басым, күч колдонуу жолу аркылуу КР жаранынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан 2 млн долларга бааланган 2 га жерди тартып алышкан. Убакыт өткөндөн кийин жер Б.Т.К.нын жакын туугандарына катталган.

Мындан тышкары Б.Т.К., Т.А.Т. жана Т.Ч. «жок кылабыз» деп коркутуп, КР жаранынан 300 миң доллар алышканы аныкталган. Акча К.Асанбекке өткөрүлүп берилген. Бул боюнча УКМК дарегине ишкердик субъекттисинин өкүлү кайрылган.

Б.Т.К. Ички иштер министрлигинде иштеп турганда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерин калкалоо менен, кызматтык маалыматтарды берип, колдоо көрсөткөн.

Топтолгон материалдардын негизинде 16-майда аталган адамдар кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камакка алынды», – деп айтылат расмий маалыматта.

«АКИpress» агенттигинин булактары билдиргендей, жогоруда Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Бегалиев Талас Кубанычбекович, Чыңгыз Таалайбек уулу жана Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын мурдагы жетекчиси Төрөгелдиев Асеин Тургунбекович жөнүндө сөз болуп жатат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleАгенттик эмне себептен «Манас» аэропорту үчүн «BSZ» коду тандалганын түшүндүрдү
Next Article Акын Мая Осмонкулованын поэзия кечеси Таластагы өзү окуган мектептен башталды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.