Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ат-Башыда эмдөө жумалыгынын алкагында эмдөөнүн маанилүүлүгүн жеткирүү иштери жүрүүдө
Янгиликлар

Ат-Башыда эмдөө жумалыгынын алкагында эмдөөнүн маанилүүлүгүн жеткирүү иштери жүрүүдө

Май 20, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush —

12-18-май күндөрү жалпы республикада анын ичинде Ат-Башы районунда Европалык эмдөө жумалыгы өтүп жатат. Бул тууралуу Ат-Башы району боюнча  иммунолог адис Назира Миназарова билдирди.

Маалым болгондой, эмдөө жумалыгын негизги максаты — кандайдыр бир себептер менен эмдөөлөрүн толук албай калган жаш балдар, чоң адамдарды, ошондой эле эмдөөдөн баш тарткан жарандарыбызды эмдөөгө тартуу, эмдөөнүн маанилүүлүгү боюнча калкка кеңири маалыматты жеткирүү болуп саналат.

Бул максатта районубуздагы мугалимдер, РЖДПБнун дарыгери, айыл өкмөттүн социалдык тармагындагы кызматкерлер, диний кызматтын өкүлдөрүнүн катышуусу менен райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында тегерек стол өттү.

Буга чейин Turmush басылмасына Нарын облустук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Ат-Башы району боюнча бөлүмүнүн иммунолог адиси Назира Миназарова эмдөө албоонун кесепети жана бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу аймактык кабарчыга маалымат берген.

Анын айтымында, 2025-жылдын 12-18-май күндөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун демилгеси менен жалпы республика боюнча Европалык эмдөө жумалыгы өтүп жатат.

«Бул саамалык 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет. Натыйжада жаш балдар арасында жугуштуу оорулардын саны азайганын белгилөөгө болот. Эмдөө жумалыгынан тышкары, район боюнча жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөр жылдык календарына ылайык төрөт үйүнөн башталып, 56 жашка чейинки жарандарга жүргүзүлөт. Булардын ичинде кызамык, кызылча, тепки, көк жөтөл, кептөөр сыяктуу 13 түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөр бар», – деди Н.Миназарова.

Адистин айтымында, акыркы жылдары, тактап айтканда 2022-жылдан бери кызамык оорусунун эпидемиологиялык абалы курч бойдон калууда. Ооругандардын саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу өскөн, жана тилекке каршы, жаш балдар арасында өлүм учурлары да катталган. Бул оорунун жайылышы негизинен эки себепке байланыштуу: эмдөөдөн баш тарткандар жана эмдөө курагына жете элек балдар.

«Европалык эмдөө жумалыгынын негизги максаты — эмдөө албай калган жарандарды жана эмдөөдөн баш тарткандарды эмдөөгө тартуу, эл арасында эмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымат жеткирүү. Акыркы жылдары ар кандай диний көз караштардын негизинде эмдөө тууралуу терс маалыматтар тарап, жарандар арасында баш тартуулар көбөйдү. Учурда районубуздагы бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда (УДТ) жана фельдшер-акушердик пункттарда (ФАП) эмдөөлөр жүргүзүлүүдө. Колдонулуп жаткан вакциналардын баары Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сертификатына ээ. Эмдөөлөр бир жолу колдонулуучу шприцтер менен, коопсуз эмдөө практикасынын эрежелерин так сактаган, дасыккан медициналык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт», – деди адис.

 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleМинкаб Чаткалдагы Аючачыда алтын иштетүүгө уруксат берди
Next Article Акжол менен Самандар Юсуповдор чет өлкөдөн устачылыкты үйрөнүп келип, эмеректерди жасап жатышат

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.