Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Каракол базарларында ышкындын акыркы түшүмү сатыкка чыкты
Янгиликлар

Каракол базарларында ышкындын акыркы түшүмү сатыкка чыкты

Май 20, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Каракол базарларында ышкындын акыркы түшүмү сатыкка чыкты. Бул тууралуу сатуучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, ышкын тоо койнунда өзүнөн-өзү өсөт жана организм үчүн пайдалуу касиеттери менен белгилүү. Анын 1 даанасы 15 сомдон сатылууда. Ышкындын сезону жыл сайын апрель айынын аягында башталып, май айынын ортосуна чейин уланат. Учурда базарда сатыктагы ышкындар быйылкы сезондун акыркылары.

«Ышкынды тоо койнунан терип келгендиктен, таза абада өскөн таза өсүмдүк катары бааланат. Гүл чачып байлай элегинде, солкулдап жумшак кезинде терип келебиз. Анда даамдуу, ден соолукка пайдалуу. Ышкын көп жылдык, тамырлуу чөп болгондуктан, аны үзүп жатканда тамырына зыян келтирбей теребиз. Мисалы биз достор менен барып терип келип, Каракол базарына алып келебиз. Ал бат эле өтүп кетет», – деди базарда ышкын саткан балдардын бири Мирлан. 

«Ышкындын тамырын илгери апаларыбыз иштетилген терини боёгондо колдончу. Тамырын кеч күздө, ышкын түп бышкан кезде казып алып, кабыгы аарчып майда-майда кертилип, көлөкө жерге өрүк кагындай кургатчу. Андан соң жанчып даярдашчу. Ышкындын түп менен боёлгон жүн же иштетилген тери кочкул сары түскө өтөт. Учурда боёк катары колдонгондор аз. Негизи бул баалуу ышкындарыбызды сактап калуу үчүн тамырына зыян келтирбөөнү жаштарга түшүндүрүп турушубуз керек. Бүгүн сатыктан көрүп балалыгымды эстеп алып жедим. Эми сөңгөк болуп катып баштайт», – деди шаар тургуну Асия Хакымова.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКызматка жаңы эле дайындалган полковник Шаирбек Бопонов укук коргоо органдарынан биротоло бошотулду
Next Article Бишкекте аныкталган мыйзам бузуулар үчүн 43 кафе жана ресторандын иши токтотулду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.