Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Такырбашев Эмил Абдилазисович 2025-жылдын 13-майынан тарта «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын башкарма төрагасы болуп дайындалды. Мындай чечимди 30-апрелде директорлор кеңеши кабыл алды.
Буга чейин бул кызматты Темирбеков Медер Абдыкайырович ээлеп келген, ал «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКты жетектеди.
Эмил Такырбашев финансы-банк тармагында 25 жылдык тажрыйбасы бар. Эл аралык экономикалык мамилелер, Бухгалтердик эсеп жана аудит адистиктери боюнча жогорку билим алган. 14 жылдан ашык микрокредиттик жана лизингдик компанияларды жетектеген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					