Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКтын башкармасынын курамында өзгөрүү болду.
Директорлор кеңешинин 2025-жылдын 13-майындагы чечимине ылайык, башкарма төрагасы кызматына Темирбеков Медер Абдыкайырович шайланды. Өмүров Амантур Нурбекович анын орун басары болду.
Буга чейин Темирбеков «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын башкарма төрагасы кызматын аркалап келген. 2008-жылы ал финансы министринин орун басары болгон.
Өмүров буга чейин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын башкарма төрагасынын орун басары болчу.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					