Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 2025-жылдын 1-майына карата өлкөдө 14 805 жеке ассистент катталган. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, аларга мамлекеттен төлөнгөн акынын жалпы суммасы 527 246 336 сомду түздү.
Жалпысынан өлкөдө үзгүлтүксүз жардамга муктаж 15 125 жаран катталган. Алардын ичинен 9 546 адам 18 жашка чейинки балдар жана 5 579 жарандын бала кезинен биринчи топтогу майыптыгы бар.
2024-жылдын ушул мезгилинде 14 411 ассистентке жалпы 421 898 878 сом төлөнгөн. Анда муктаж деп 14 712 адам катталган. Анын ичинде 9 551 жаш бала бар.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
