Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 28-31 май күндөрү Бишкек шаарында II эл аралык «Виват, рояль!» фестивалы өтөт, деп маалымдады Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.
Фестивалга Россиянын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Гнесиндер атындагы музыкалык окуу жайынын фортепиано классынын мугалими, эл аралык сынактардын лауреаты Арзаманова Анна Федоровна жана Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Курмангазы атындагы казак улуттук консерваториянын доценти, Жамбыл атындагы казак мамлекеттик филармониянын башкы солисти Курамбаева Гүлнара Толегеновналар чакырылган.
Фестивалдын алкагында П.Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин чоң залында 28-29-30 май күндөрү саат 9.30дан 18.00гө чейин алардын фортепиано аспабы боюнча устаттык сабактары, лекциялары өтөт. Бул устаттык сабактарга Кыргызстандын жети дубанынан 130 мугалим катышып, квалификациясын жогорулатып, сертификат алышат. 30га жакын өспүрүм жаш пианисттер менен бул мугалимдер биргеликте иштешет.
Иш-чара 30-май күнү кечки саат 18.00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында салтанаттуу гала-концерт менен жыйынтыкталат.
Гала-концертте 7 жаштан 75 жашка чейинки 44 пианист өз өнөрүн көрсөтөт жана ошондой эле А.Жумахматов атындагы симфониялык оркестр катышат. Алардын арасында белгилүү пианисттер Талгат Аракеев (Түркия ), Акылай Малакаева (Москва ш.), Цокуренко П.А.,Гулзинат Суранчиева , Венера Сатылганова (Бишкек) жана башкалар. Концерттин программасында дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары аткарылат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
