Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 19-майда муниципалдык инспекция Кулиев көчөсү/Чүй проспектисине, «Ош базары» соода жана оюн-зоок комплексинин айланасында башаламан сооданы тазалоо иштерин жүргүздү. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, рейд узак убакыт бою антисанитардык шарттарда, коомдук көрктөндүрүү эрежелерин жана мыйзамдарын бузуу менен башаламан соода жүргүзүп жаткан аймакты камтыган.
«Соодагерлерге жайларды бошотуу боюнча алдын ала эскертүү берилген. Шаар тургундары жерди өз ыктыяры менен бошотуу үчүн буга чейин 1 ай убакыт сурашканы менен, алардын кайрылуусунан бери 2 айдан ашык убакыт өткөн. Тазалоо иштерине карабастан, айрым соодагерлер кайрадан уруксат берилбеген жерде соода кылууга аракет кылышкан.
Жеринде КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлдү», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
