Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ат-башылык лаборант Сүйүнбүбү Кадырбаевага «Саламаттык сактоонун отличниги» наамы ыйгарылды
Янгиликлар

Ат-башылык лаборант Сүйүнбүбү Кадырбаевага «Саламаттык сактоонун отличниги» наамы ыйгарылды

Май 21, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районундагы райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун клиникалык диагностикалык бөлүмүндө 47 жылдан бери тынымсыз эмгектенип келе жаткан лаборант Сүйүнбүбү Аруновна Кадырбаевага Кыргыз Республикасынын «Саламаттык сактоонун отличниги» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кадырбаева Сүйүнбүбү 1978-жылы Фрунзе шаарындагы медициналык окуу жайды аяктап, ошол жылдан бери Ат-Башы райондук оорукананын лабораториясында иштеп келет. Ал жылдар бою бир кызмат ордунда иштеп, көптөгөн жетекчилер, кесиптештер менен ийиндеше эмгектенип, бир нече муун кадрларды тарбиялап чыгарган.

«Канчалаган жетекчилер менен иштештик, канчалаган күндөр өттү. Коллектив алмашып турду — бири кетет, бири келет. Мен болсо ушул жерде, ушул кызматта 47 жылдан бери иштеп келем. Келген жаш кадрларга колдон келишинче тажрыйбамды үйрөтүүгө аракет кылам. Эмгегим элге тийсе экен деп иштеп келем. “Саламаттык сактоонун отличниги” наамы менен сыйланып кубанып турам. Бул сыйлык — мен үчүн гана эмес, үй-бүлөм, кесиптештерим үчүн да чоң сыймык. Жолдошум 2001-жылы каза болгон. 2 уул, 2 кызым бар. Баарын жогорку билимдүү кылып окуттум», – дейт Сүйүнбүбү Кадырбаева.

Ушунча жыл иштеп жүрүп, эмнени түшүндүңүз?

«Чынында медицина өтө оор тармак. Түн, күн дебей иштейбиз. Оору менен келген адамдар айыгып, басып чыгып кетсе — биздин эң чоң кубанычыбыз ошол. Кээде конокто отурганда да ооруп жаткан бейтаптар эсиме түшүп, “жакшы болуп кетсе экен” деп тилейм. Анализдери жакшы чыкса сүйүнүп кетебиз. Айрыкча өтө оор абалда келген адамдын сакайып кеткенин көргөн биздин жеңиш.

Бир жолу жол кырсыгына кабылган адам ооруканага өтө оор абалда түштү. Башында көптөр эле ал киши аман калбайт деп ойлошкон. Денесинин сөөктөрү майдаланып сынып, териси былпылдап калган эле. Жубайы оорукана алдында күнү-түнү көз жашын төгүп турчу. Ошол келиндин ыйлаган көз жашы азыркыга чейин көз алдымдан кетпейт. Бирок дарыгерлер колунан келгендин баарын кылышты. Биз да анализдерин тынымсыз текшерип турдук. Кудайдын кудурети менен ал киши аман калды. Азыр да жашап жүрөт», деди дарыгер айым.

«Саламаттык сактоонун отличниги» наамы — бул Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагында өзгөчө эмгек сиңирген, жогорку кесипкөйлүгү жана көп жылдык ак ниет эмгеги менен айырмаланган медицина кызматкерлерине ыйгарылуучу ардак наам жана сыйлык.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous Article«Ош» базарынын аймагындагы башаламан соодага карата рейд өттү
Next Article Биринчи май районунда уруксат берилбеген пайдубалдар буздурулду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.