Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө башкармалыгынын улук тескөөчүсү Мирбек Токтобаев эхинококкоз жана альвеококкоз ылаңынын зыяндуулугу тууралуу маалымат берди.
Эхинококкоз деген эмне?
Эхинококкоз – Taenidae тукумуна таандык тасма курттардын личинкалары тарабынан пайда боло турган айыл чарба жаныбарларынын ылаңы. Бул ылаң менен кишилер дагы ооруйт. Эхинококктун сиркелери иттин тумшугунда, кыр аркасында, таман алдында, куйругунда жана башка терилеринде жашайт. Эхинококкоздун козгогучу болуп тасма курту аталат. Өсүп жетилген мите курт айбандардын ичегисинде мителейт. Эхинококк курту ит жана мышыктардын организминде 1-2 айдын ичинде жетилип, урук чача баштайт. Эхинококк куртунун көлөмү 5 миллиметрден 8 милиметрди түзүп, акыркы жетилген муундагы үзүлүп, бери дегенде 800дөй сиркеси болот. Ал сиркелери сырткы чөйрөдө +25 градустан -20 градуска чейин бир нече ай жашай алышат. Эхинококктун ыйлаакчасынын көлөмү эң кичинекейи буурчактай, чоңдору жаш баланын башындай. Ыйлаакчанын ичинде болочок эхинококк куртунун түйүлдүктөрү болот. Аларды көз менен оңой эле көрүүгө болот.
Эхинококкоздун малдарга жугуусу
Иттин ичегисине кирген эхинококк жайкысын күндө 43-54 жолу, кышкысын 34-41 жолу жетилип урук таштайт. Бир эле ит күн сайын миңдеген эхинококктун сиркелерин заңы менен кошо сыртка бөлүп чыгарат. Бул процесс бир нече жылга созулат. Мал сойгондо эхинококк менен жараланган малдын ички органдарын ит жана мышыктарга бербеш керек. Ит жана мышыктардан адамга жугат.
Эхинококкоздон сактануу
Эхинококкозду жуктурбаш үчүн ит жана мышыктарды жылына 4 жолу мите курттарга каршы дарылатып туруу зарыл. Жолбун ит жана мышыктарды жок кылуу керек. Иттерди дайыма мал кармаган короодон, мал союучу жайдан, тоют сактаган жайдан жана мал суу иче турчу жерден алыс багуубуз керек. Антпесе, эхинококкоз ыйлаакчасы акырындык менен өсүп, чоңоюп, андан соң боорду, өпкөнү жана башка адамдын организмдерин кысып, кичирейтип отуруп организмдин иштөөсүн бузат. Мындай илдет менен көбүн эсе жаш балдар жабыркашат.
Альвеококкоз
Альвеококкозду дарыгерлер рак оорусуна теңейт. Альвеококкоз деген эхинококкоздун “атасы”. Адамдын ооз көңдөйүнөн организмге мите курт кирип, ал күрөө тамыр аркылуу эң чоң боорго барып түшөт. Ал залалдуу шишик сыяктуу болуп, адамдын боорунан башка органдарга тарап, аларды кыса баштайт. Альвеококкоз жапайы жаныбарлардан үй жаныбарларына, үй жаныбарларынан адамдарга жугат.
Эхинококкоз жана альвеококкоздун коркунучтуу илдет экендиги, андан сактануу тууралуу райондук ветеринардык башкармалыгы айылдарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					