Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жашаган эмгекчил, кайраттуу аял Каиргүл Кожогулова менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы баарлашып келди.
Каиргүл Кожогулова 15 жылдан ашык убакыттан бери сүт ташып, балдарын жалгыз тарбиялап келе жатат.
«Мен учурда 48 жаштамын. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жашайм. Эки баланын энесимин. Жакында келин алдым. Азыр сүт ташуучу болуп эмгектенип жатам.
1991-жылы №2 кесиптик лицейге тапшырып, 1994-жылы лаборант адистигин алып бүтүргөм. Жолдошум ала качып кетип, турмуш-шартка байланыштуу жогорку окуу жайга тапшыра алган жокмун.
1996-2007-жылдары Каракол шаарындагы облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда лаборант болуп иштедим. Андан соң, 2009-жылы сыр заводго келип, алгач лаборант, кийинчерээк сүт ташуучу унаада корректор болуп иштей баштадым. Ошондо кызым бир кырсыкка кабылып, үй-бүлөмө көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгы жаралды. 5 жылдай иштеп, андан соң кредит алып, “Мерседес” (сапог) үлгүсүндөгү унаа сатып алып, жеке ишкерликке өттүм. 16 жылга жакын сүт ташып иштеп келе жатам. Азыркы күндө балдарым чоңоюп калды: уулум өз алдынча иштейт, келиним окуйт, кызым Юридикалык академиянын акыркы курсунда.
2007-жылы жолдошум менен эки айрылышка түшүп, 2 баламды алып, Кызыл-Сууга кеткем. Ошондон бери ушу жакта эмгек кылам.
Күнүнө орто эсеп менен 800 литр сүт чогултуп, заводго өткөрөм. Айрым күндөрү унаам бузулуп калса, “УАЗ” менен деле чыгып кетем. Кышында күн алыс иштейбиз. Кээде 1300-1400 литрге чейин сүт алып барабыз. Канча сүт тапшырсак, ошого жараша айлык алабыз. Ошондуктан, аракет кылып иштегенге туура келет.
Аял киши баарына көнөт экен. Кээде унаанын дөңгөлөгү жарылып калса, өзүм алмаштырып, эркек киши аткара турган жумушту да жасайм», – дейт Каиргүл айым.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
