Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Ысык-Көл айланма жолунун Корумду—Балбай тилкесинде курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтик басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, курулуш иштери 2024-жылдын 1-апрелинде башталган.
Долбоорго ылайык, 2 тилкелүү жол 4 тилкеге чейин кеңейтилип, бөлүүчү тосмо орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жасалат. Ошондой эле велосипед жолу, автобус аялдамалары, унаалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырактар орнотулуп, турак жай аймактарында эки тараптуу жарыктандыруу киргизилет, деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Транспорт министрлиги тарабынан 14 көпүрөнү куруу жана реконструкциялоо, 877 суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери пландалган.
«Учурда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. 53 жерге суу түтүктөрү төшөлүп, 10 көпүрөнүн курулушу уланууда. Курулуш иштери башталгандан бери бир тарапка 15,8 км асфальт төшөлдү», – деп билдирди министрлик.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
