Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Садыр Жапаров Будапешттеги саммитте эмне тууралуу сүйлөдү?
Янгиликлар

Садыр Жапаров Будапешттеги саммитте эмне тууралуу сүйлөдү?

Май 22, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Мажарстан Республикасынын Будапешт шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) катышуучу мамлекеттердин бейформал саммитине катышты.

Уюмдун байкоочу өлкөсү — Мажарстанда биринчи жолу өткөрүлгөн бейформал жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Мажарстан Европа биримдиги менен түрк дүйнөсүнүн ортосундагы чыныгы көпүрөгө айланганын белгиледи.

«Ушундай жолугушууларда биз биримдиктин жана ишенимдин деми аркылуу өлкөлөрүбүздүн жалпы туруктуу өнүгүүнүн жана элдерибиздин бакубаттуулугунун бекем пайдубалын түптөйбүз.

Будапешт шаарындагы бүгүнкү жолугушуубуз былтыр ноябрь айында өткөн Бишкек саммитинин логикалык уландысы болуп саналат.

«Түрк дүйнөсүн күчтөндүрүү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» деген ураан астында өтүп жаткан учурдагы Кыргызстандын төрагалыгы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыгыбызды бекемдөөгө багытталган», – деди Садыр Жапаров.

Ал республикада бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрүү пландары тууралуу маалымдап, уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын Кыргызстандын демилгеси менен күзүндө өткөрүлө турган премьер-министрлердин жана вице-президенттердин жолугушуусуна чакырды.

Мамлекет башчы Кыргызстандын уюмдун өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү соңку төрт жыл ичинде дээрлик 2 эсеге өскөнүн белгилеп, өлкө экономика, транспорт, энергетика жана санариптештирүү чөйрөлөрүндө биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жигердүү катышууга даяр экенин ырастады.

Садыр Жапаров Санариптик өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун ишке ашырылышы жана Түрк инвестициялык фондунун долбоордук ишмердүүлүгүнүн башталышы кызматташтыкты кыйла бекемдейт деген ишенимин билдирди. Ал оң тажрыйба катары Кыргызстандагы ушуга окшош финансы институттарын: Кыргыз-Азербайжан, Кыргыз-Өзбек жана Кыргыз-Мажар өнүктүрүү фонддорунун ийгиликтүү иштерин белгиледи.

Президент өз сөзүндө инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

Ал Кыргызстан жашыл энергетика чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана креативдүү күн тартибин түзүүгө даярдыгын ырастап, аймактын энергетикасында жаңы доорду ача турган стратегиялык долбоорлордун бири Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун стратегиялык маанисин баса көрсөттү. Ошондой эле транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын атап, Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жол долбоорун аймактык байланыштарды олуттуу бекемдеп, Кытайдан Европага чейинки аралыкты 900 чакырымга кыскарта турган тарыхый кадам катары белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан тоолуу өлкө катары тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн колдоорун, БУУнун тоолорду өнүктүрүүнүн беш жылдык планын (2023-2027) ишке ашырууга катышып жатканын баса көрсөттү.

Бул контекстте 2025-жылы Ысык-Көлдө Тоо жаштарынын бүткүл дүйнөлүк фестивалы жана 2027-жылы «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммити өтөрү тууралуу маалымдап, ТМУ өлкөлөрүн «Тоолуу беш жылдыкты» ишке ашырууга кошулууга чакырды.

Ошону менен бирге мамлекет башчысы ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин ыйгарым укуктарын узартуу чечимин колдогондугу үчүн катышуучу өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

Соңунда Садыр Жапаров ТМУ өлкөлөрүнүн туруктуулукка жана өнүгүүгө болгон жалпы умтулуусун чагылдырган Будапешт декларациясынын маанисин белгиледи. Ал Кыргызстан түрк мамлекеттеринин жакындашуусуна жана гүлдөп-өнүгүүсүнө багытталган күч-аракеттерди жигердүү колдоого даяр экендигин ырастады.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleТаласта кулпунай арзан баада сатылып жатат. Сатуучулар себебин айтты
Next Article №1 төрөткананын аймагына курулуп жаткан имарат өзүнө эмнелерди камтыйт?

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.