Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы №1 төрөт үйүнүн аймагына курулуп жаткан имарат бардык заманбап медициналык жана санитардык талаптарга жооп берген жаңы имарат болорун билдирди.
Жаңы төрөт үйү 5 кабаттан жана жер төлөдөн туруп, 150 орунга эсептелген. Подрядчы уюмдун өкүлүнүн маалыматына ылайык, учурда пайдубал үчүн арматураны байлоо иштерине 20 монолит адиси тартылган.
Долбоор боюнча, жер төлөдө стерилизация бөлүмү, лаборатория, кампалар жана ашкана жайгашмакчы. Биринчи кабатта кабыл алуу бөлүмү жана операциялык блок болот. Экинчи кабат төрөт бөлүмүнө арналат. Үчүнчү кабатта кош бойлуулук патологиясы бөлүмү жайгашат. Төртүнчү кабатта ымыркайлар жана реанимация бөлүмдөрү болот. Бешинчи кабат административдик жана жардамчы кызматтар үчүн каралган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
