Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бүгүн, 21-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы К.Ташиевдин катышуусунда КР аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга тийиштүү кеңешме өттү.
УКМК башчысы К.Ташиев билдиргендей, өлкөдөгү коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана криминогендик кырдаалдын турукташуусу, кыргыз коомунун ачыктыгы жана толеранттуулугу, ЖОЖдордо окуунун арзандыгы, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү оң натыйжалардын фонунда Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын (турист, студент жана эмгек мигранттары) санынын көбөйүүсү байклаууда
Үстүбүздөгү жылдын январынан тартып азыркы учурга чейин Кыргызстанга 61 миң туристтер, 30 миң студент, 12 миң эмгек мигранты (расмий түрдө), башка категориялар боюнча (үй-бүлөлүк, кызматтык, диний ж.б.) 10 миң адам келген. Ал эми мыйзамсыз мигранттардын саны — 5 миңге жакын.
«Чет өлкөлүктөр өлкөгө кирүүнүн жагымдуу жана жөнөкөйлөтүлгөн тартибин кыянаттык менен колдонушат. Чет элдиктер өлкөгө турист жана студент катары келишет, бирок иш жүзүндө мыйзамсыз эмгектенишет.
Юридикалык жактар мамлекеттик алымды төлөөдөн качып мигранттарды (студент жана туристтер) жумушка кабыл алышат.
Мындан тышкары иш берүүчү же окуу жайлар тиешелүү визалардын мөөнөтүн өз убагында узартпаганы же чакырылган адамдарды өз эркине калтырганы, чет элдиктер визасынын мөөнөтү өтүп кеткенине карабастан өлкө боюнча тентип жүргөн фактылар көбөйгөн. Натыйжада алар айласыз абалда турганда спирт ичимдиктерин, баңги каражаттарын пайдаланышат, коомдук жайларда маданиятсыз жүрүшөт, жергиликтүү калктын каада-салтын жана маданиятын урматтоонун элементардык ченемдерин сакташпайт.
ЖОЖдор, ар кандай өндүрүштүк, курулуш компаниялары жана турагенттиктер талаптагыдай эмес иш алып барууда, алар көбүнчө өлкөнүн мыйзамдарын сактоо маселелерине тийиштүү маани беришпейт, алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүшпөйт.
Мыйзамсыз эмгек мигранттарынын отурукташуусуна жол бербөө, чет өлкөлүктөр үчүн уруксат берүүчү документтерди тариздөө маселелеринде мүмкүн болгон коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, миграциялык агымды жакшыртуу жана тартипке келтирүү максатында үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып президенттин “Миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы ишке ашырылууда.
Тактап айтканда:
– ыйгарым укуктар бир органга – Тышкы иштер министрлигине берилди;
– чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга республикалык квотаны бөлүштүрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жоюлду;
– чет өлкөлүктөр үчүн эмгек визасы менен бирдиктүү уруксатты берүү «Электрондук виза» электрондук порталы аркылуу «бирдиктүү терезе» принцибинде белгиленген;
– режимди бузгандыгы үчүн айыптар көбөйтүлдү жана чакыруучу тараптын жоопкерчилиги күчөтүлдү (бузуу мөөнөтүнө жараша акчалай жазанын дифференцияланган эсеби 1 айга чейин – 5500, 3 айга чейин – 10 000, 6 айга чейин – 15 000, 1 жылга чейин – 17 500, 1 жылдан жогору – 20 000 сом), мурда эреже бузуунун мөөнөтүнө карабастан 5 500 сом гана төлөшкөн. Юридикалык жактар үчүн айып: 1 айга чейин – 5500, 3 айга чейин – 10 000, 6 айга чейин – 15 000, 1 жылга чейин – 20 000, 1 жылдан жогору – 30 000 сом;
– республикалык бюджетте ИИМге чет өлкөлүктөрдү депортациялоо менен байланышкан чыгымдарга кошумча 280 млн сом каралган (бирдиктүү иштөөгө уруксат төлөөдө көрсөтүлгөн максаттарга 5 миң сом жумшалат).
Көйгөйдү чечүү боюнча төмөнкү сунуштар айтылды:
1. Миграциялык процесстерди тартипке келтирүү максатында 20 күндүн ичинде (үстүбүздөгү жылдын 10-июнуна чейин) мыйзамсыз жүргөн бардык чет өлкөлүктөр өлкөдө жүрүү статусун мыйзамдаштырууга же өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш,
2. Компетенттүү органдар белгиленген мөөнөттө (үстүбүздөгү жылдын 10-июнуна чейин) мамлекет тарабынан кабыл алынган миграциялык чечимдер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда, электрондук порталдарда жана чет тилдердеги веб-сайттарда жеткиликтүү маалыматтык иштерди жүргүзүүгө милдеттүү,
3. Укук коргоо органдары үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан тартып бүткүл өлкө боюнча бардык күч түзүмдөрүн тартуу менен атайын иштелип чыккан операциянын алкагында текшерүү иш-чараларын жүргүзөт жана өлкөдө жүрүү тартибин бузган адамдарга, анын ичинде чакыруу субъекттерине карата чара көрөт,
4. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин өз алдынча аймактык жана линиялык бөлүмдөрүнүн башчылары бул багытта жогоруда белгиленген активдүү иш-чаралардын аткарылышын жеке көзөмөлгө алышат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
