Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы 12 мектепте быйылкы 2024-2025-окуу жылында жалпы 862 окуучу 11-классты аяктап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 64 бүтүрүүчү жеке менчик мектептеринен аяктоодо.
Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн малыматына ылайык, бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 745 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга билдирме берген. Ал эми быйыл шаарда 1580 окуучу 9-классты аяктап жатат.
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөр үчүн жалпы республикалык тестирлөө 3 этапта өтөт.
- 1-этап — 18-19-20-май күндөрү;
- 2-этап — 22-23-24-май күндөрү;
- 3-этап — 20-21-22- июнь күндөрү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
