Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – 2025-жылдын 21-майында онлайн форматта ИИМдин аппараттык кеңешмеси өттү.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, анда 2 маселе каралды. Алардын бири — жалпы билим берүү мекемелеринде акыркы коңгуроо учурунда коомдук тартипти, жол коопсуздугун камсыздоо жөнүндө талкууланды.
Аппараттык кеңешменин жүрүшүндө ИИМдин жетекчилиги тарабынан 26-май күнү республика боюнча билим берүү мекемелеринде акыркы коңгуроо салтанаты белгилене турганы, анда коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылды.
«Ички иштер органдарынын кызматкерлери жалпы коопсуздукка жана жол коопсуздугуна түздөн-түз жооптуу болуп саналат. Мектеп окуучуларынын арасында мыйзам жана тартип бузууларды болтурбоо, жаш өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барыңыздар. Иш-чараларды өткөрүүдө бүтүрүүчүлөргө, алардын ата-энелерине акыркы коңгуроо аземдеринен сырткары отуруштарды, экскурсияларды же ар кандай көңүл ачууларды өткөрүүгө тыюу салынарын эскертиниздер», – деди министр Улан Ниязбеков.
Аталган маселе боюнча ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына бир катар тапшырмалар коюлуп, кынтыксыз аткаруу талабы коюлду.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
