Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Айыл чарба министрлигине караштуу Жер жана суу көзөмөл кызматы коомдук тамактануу ишканаларына текшерүү жүргүзүп, бузууларды аныктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Бузуулар Бишкек—Балыкчы темир жол линиясынын 3888-чакырымы — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Чолок айылында жайгашкан коомдук тамактануу жайларында аныкталды.
Президенттин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 жарлыгын аткаруу максатында коомдук тамактануу объектилерин темир жолдун тилкесинен бошотуу иштери жүргүзүлгөн.
«Жыйынтыгында мыйзамсыз жайгаштырылган 24 объектиге жалпы суммасы 60 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынып, учурда аларды бузуу иштери жүргүзүлүүдө», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
