Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы жаш спортчуларга акчалай колдоо көрсөтүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалым болгондой, шаар мэри жана шаардык кеңештин төрагасы депутаттар менен биргеликте жаш спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына жараткан ийгиликтери үчүн материалдык колдоо көрсөттү.
– Кыргыз Республикасынын чемпионатында кол күрөш боюнча 1-орунду ээлеген К.Мулалиевге 15 000 сом;
– Кыргыз Республикасынын чемпионатында мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында кол күрөш боюнча 2-орунду ээлеген Гүлжигит Калмуратовго 5000 сом;
– Күрөш боюнча жаш спортчуларды тарбиялап, көптөгөн ийгиликтерди багындырганы үчүн Абдылас Назарбековго, Нурлан Алымбаевге, Р.Жаныбековго 15 000 сомдон материалдык колдоо көрсөтүлдү;
– Жаш спортчулар Казакстан Республикасында эркин күрөш боюнча 1-орунду ээлегендери үчүн К.Ажиманов менен Р.Аскаралиевге 15 000 сомдон берилди;
– Ысык-Көл облусунда болгон жөө күлүктөр арасында өткөн мелдеште 21 чакырым аралыкта 2-орунду ээлеген Самаган Муратов 15 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
Бул каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
