Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкекте 21-майда «Манас» эпосунун англис тилиндеги котормосунун бет ачары өттү. Китеп Кыргыз Республикасынын баатыры, драматург Бексултан Жакиев тарабынан жазылган эпостун кыскартылган версиясы болуп саналат.
«Манас» улуттук академиясынан билдиришкендей, эпосту англис тилине котормочу Акылай Байматова которгон. Ал эпостун мазмунун, руханий баалуулуктарын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн жөнөкөй окурмандар үчүн түшүнүктүү тилде жеткирүүгө аракет кылган.

Иш-чарага президенттин кеңешчиси, Кыргызстандын эл жазуучусу Арслан Койчиев, Кыргызстандын Алматы шаарындагы мурдагы генконсулу Алиясбек Алымкулов, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Акылбек Кылычев, КР эл жазуучулары Асан Жакшылыков, Менди Мамазаирова, профессорлор Курманбек Абакиров, Роза Аманова, Венера Акматова, Жыргал Момбекова, БААУнун деканы, философия илимдеринин доктору Данияр Карабаев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чет элдик коноктор, дипкорпустун өкүлдөрү, илим жана маданият тармагынын адистери, журналисттер катышты.
«Котормодо стилистикалык тактыкка, адабий тилге жана мазмунду туура берүүгө көңүл бурулган», – деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
