Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ошто трансулуттук кылмыш тобунун ишине бөгөт коюлуп, 2 тоннадан ашык баңгизат алынды
Янгиликлар

Ошто трансулуттук кылмыш тобунун ишине бөгөт коюлуп, 2 тоннадан ашык баңгизат алынды

Май 23, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бажы кызматынын жана УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте трансулуттук уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту.

Кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөнүн түштүгүндө баңгизаттарды чет өлкөдөн алып келип, Кыргызстанга, Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнө тараткан кылмыштуу топ иштеп жатканы аныкталган.

АКШнын Лос-Анжелес шаарынан келген авиакаттам менен алып келинген жүктү текшерүү учурунда «Манас» бажы постунун кызматкерлери ашкана буюмдарынын астына жашырылган түйүнчөктү табышкан. Ичинен жалпы салмагы 2 кг ашык гибрид марихуана салынган 4 герметикалык вакуумдук баштыктар табылган.

Ош шаарында баңги тобунун 2 мүчөсү: Кыргызстандын жараны З.А.С. жана Россиянын жараны А.М.А. аттуу жарандар кармалды. Кийинчерээк кылмыштуу схеманын уюштуруучусу жана куратору делген Өзбекстандын жараны Т.К.Т. дагы кармалган.

Ош облусундагы эки даректе тинтүү жүргүзүү учурунда атайын жабдуулар менен жабдылган эки баңги лабораториясы аныкталып, жоюлган.

Ошондой эле «Telegram» мессенджеринде иштеген «SAYONARA» лакап аты менен баңгизат сатуу боюнча интернет-дүкөнүнүн ишине бөгөт коюлган.

Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык, мыйзамсыз жүгүртүүдөн:

–  2 кг 858 гр марихуана;

– 586кг 898гр мефедрон;

– 1 тоннадан ашык прекурсорлор алынган.

Тергөө иштери уланууда.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleТокмоктук тургундар унааны өрттөн сактап калышты
Next Article Бишкектеги стадион мамлекеттин менчигине кайтарылды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Top Posts
Advertisement
ЖАРНАМА EurasiaPulse баннер

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
© 2026 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.

Go to mobile version