Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Садыр Жапаров чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча жарлыкка кол койду
Янгиликлар

Садыр Жапаров чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча жарлыкка кол койду

Май 23, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын (статусун) жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында КРнын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга өлкөнүн аймагындагы өзүнүн укуктук абалын 2025-жылдын 10-июнуна чейин мыйзамдаштыруу мүмкүндүгү берилсин.

2. Министрлер кабинети Кыргызстандын аймагында анын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобону белгиленген тартипте бекитсин.

3. Визасынын, жашап турууга уруксатынын колдонуу мөөнөтү өткөн же болбосо жашап турууга уруксаты жокко чыгарылган, жүргөн укугун ырастоочу документтери (каттоосу, эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксаты) жок же болбосо мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди колдонгон, же болбосо мыйзамдуу жүргөн мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргызстандан чыгуудан баш тарткан, ошондой эле Кыргызстандын аймагында кирүүдө билдирилгенге шайкеш келбеген максатта жүргөн, өлкөнүн аймагы аркылуу транзиттик өтүүнүн эрежелерин сактабаган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам ушул жарлыктын 2-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу жободо аныкталган тартипте ыктыярдуу мыйзамдаштырылган учурда ал Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен бошотулат деп аныкталсын.

4. Ички иштер министрлиги Кыргызстандын аймагында анын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.

5. Тышкы миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул жарлыкты ишке ашыруу боюнча, анын ичинде маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү боюнча бардык чараларды көрсүн.

6. Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо Президентик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБишкектеги стадион мамлекеттин менчигине кайтарылды
Next Article Кыргызстандын жаш боксчу кыздары Азия чемпионатында 5 медаль утушту

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.