Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндө жакынкы жайытка мал жайган адамга айып пул салынды. Бул тууралуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсултан Тажибаев билдирди.
«Жакынкы жайыттар пайдалануучулардын кайдыгерлик мамилесинен деградацияга учураганы анык. Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик дагы элдин өтүнүчү менен көз жумуп келгенбиз. Аталган жайыт жерлер жакшыртылууга тийиш.
Жайыт жерлеринин деградациясын азайтуу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин буйругу чыгып, жыл сайын 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде жазгы жайыт жерлеринде мал жаюуга чектөө киргизүү сунушталган.
Буйруктун негизги максаты:
– жайыттарды жакшыртуу менен деградация болгон жайыт аянттарын азайтуу;
– жаратылыш экосистемасын сактоо;
– мал чарба продукцияларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу;
– мамлекеттин менчиги болгон жайыттарга аяр мамиле кылуу.
Акыркы учурларда жайыт пайдалануучулар тарабынан жакынкы жайыттар жыл сайын үзгүлтүксүз пайдаланып, жол жээктеги жана коммуникация бар жайыт аянттары пайдаланып, алыскы жайыттар толук пайдаланылбай жакынкы жайыттарга күч келүүдө. Ошол себептен 15 апрелден 15-сентябрга чейин жакынкы жайыттарды пайдаланууга чектөө киргизип, алыскы жайыттарды пайдалуунуу керектигин эскертебиз.
Андыктан, аталган чектөөнү эске алып, мал-жандыктарды Гүлчөнүн аймагында жакын жайыттарга, борбордук көчөлөрдө кароосуз калтырууда (жаюуда) айып пулдар салынарын эскертебиз. Кечээ, 21-майда малын жайган жаранга Укук бузулар кодексинин 252-беренесинин (жайыттарды жана чөп чабындыларды пайдалануунун белгиленген режимин бузуу) негизинде протокол толтурулуп, 7500 сом айып пул салынды», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
