Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 2024-жылы Кыргызстанда эгиздердин төрөлүшү азайып, ал эми үч эмдердин төрөлүшү көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
2023-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр төмөнкүдөй өзгөрдү: 2024-жылы 1253 эгиз (2023-жылы — 1298) жана 21 үч эм (2023-жылы — 14) төрөлдү.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, төрөттөрдүн аралыгы 2 жылдан аз болгон учурлар 33%ды, ал эми 3 жыл жана андан көп аралыкта болгон учурлар 44%ды түздү.
Адистер белгилегендей, 2 жылдан аз аралыкта балдардын төрөлүшү жана тез-тез төрөө аялдарда аз кандуулук (анемия) оорусунун пайда болуу коркунучун жогорулатат, ошондой эле кош бойлуулук жана төрөт учурундагы татаал кырдаалдын жаралуу ыктымалдыгын арттырат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
