Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – Агартуу министрлиги Бишкек шаарындагы 23 мектепте кошумча орундар ачылат деген маалыматка тактоо киргизди.
Буга чейин министрлик 23-майда Бишкектеги бир катар жалпы билим берүү уюмдарында 1- жана 2-класстар үчүн кошумча орундар ачылары тууралуу маалымат жарыялаган.
Кийинчерээк Бишкек шаарындагы №29 мектепте гана текшерүүнүн жыйынтыгында бошогон орундар ачылары белгилүү болду.
«Ал эми башка мектептер боюнча Бишкек шаардык мэриясы жана Билим берүү департаменти тарабынан кошумча квоталар жана так мөөнөттөр тууралуу маалыматтар такталып жатат», – деп кошумчалашты министрликтен.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
