Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Кара-Көл шаарында «Баатыр энелердин» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган сынак Энелер күнүнө арналган иш-чаранын алкагында өткөрүлүп, шаардык мэрия жаңа шаардык аялдар кеңеши тарабынан уюшулду.
Сынакка 4 катышуучу — Элмира Калыбекова, Наргиза Жоробекова, Айсулуу Силалиева жана Элмира Эркинбекова катышты. Алгач сынактын катышуучулары өздөрүн тааныштырды. Программанын экинчи шарты боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашса, үчүнчү шарт боюнча улуттук кийимдерди даңазалашып, өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.
Сынактын жыйынтыгында:
– Баш байгени Айсулуу Силалиева;
– 1-орунду Наргиза Жоробеков;
– 2-орунду Элмира Калыбекова;
– 3-орунду Элмира Эркинбекова ээлеп, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Сынакка катышкан баатыр энелердин 6дан 8ге чейин балдары бар. «Эне даңкы» медалы, «Баатыр эне» ордендеринин ээси.
Кара-Көл шаарында бүгүнкү күнгө 28 миң 101 калк жашайт. Шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Рабшан Абытканованын айтуусунда, шаардагы аялдардын социалдык-экономикалык жактан кошкон салымы эбегейсиз зор.
«14 миң 336 аял жашайт. Шаарда 40 жетекчи болсо анын 15 айымдар. Бул 30-35% пайыздык көрсөткүчтү түзөт. Шаардын өнүгүшүнө аялдардын ролу чоң. Энергетика, ден соолук, билим берүү, соода тармагынан тартып, бүт тармакта иштешет», – деди ал.
«Баатыр эне» ордени менен энелер 7 жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.
«Баатыр эне» ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:
1) Мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан көп убакыт өтсө жана багып алынган балдар чогуу жашаса;
2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.
«Эне даңкы» медалы менен 6 баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана калгандары тирүү болгон энелер – Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланат.
«Эне даңкы» медалы менен сыйлоодо төмөнкү балдар эске алынат:
1) мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынган балдар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар чогуу жашаса;
2) Ата Мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор;
3) күтүлбөгөн жагдайлардын жана бөөдө кырсыктардын кесепетинен каза болгондор (жол-транспорт кырсыгы, өндүрүштөгү жаракаттар, өзгөчө кырдаалдардан алган жаракаттар, оорулардын кесепеттери, киши өлтүрүүлөр жана эне менен балага көз каранды болбогон башка жагдайлар).
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
