Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата саат 10:00дөн 22:00гө чейин «Ала-Тоо» аянтында түрдүү иш-чаралар пландалууда, деп маалымдады мэриянын басма сөз кызматы.
Аянтта төмөнкү иш-чаралар уюштурулат:
– аквагрим зонасы;
– сүрөт зонасы – ачык декорациялар жана чоң куурчактар;
– пластилин менен иштөө, сүрөт тартуу ж.б. боюнча мастер-класстар;
– кызыктуу конкурстар, флешмобдор;
– самын көбүгү шоусу;
– спорттук оюндар;
– белектер.
Мындан тышкары, 30-майдан 8-июнга чейин Бишкек шаарында 10 өлкөнүн, ошондой эле Кыргызстандын бардык облустарынын катышуучулары менен «Наристе» бешинчи эл аралык балдар фольклордук фестивалы өтөт.
Фестивалдын алкагында аянтта саат 19:00дө майрамдык дискотека уюштурулат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
