Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бүгүн, 23-майда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 566 млн куб метрди түздү. Мындай маалымат «Электр станциялары» ААКтын билдирүүсүндө айтылат.
Суунун агып киргени секундасына орточо 839 куб метр болсо, агып чыгуусу — 410 куб метр.
Ал эми 2024-жылы 23-майда суу сактагычтагы суунун көлөмү 9 млрд 221 млн куб метр болчу.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
